DOLON MEDIA

Шайлоо-2024: Көчмө жашик менен 529 шайлоочу добуш берди

Нарын облусунда көчмө урналар менен алдын ала шайлоого катышуу  үчүн 664 адам  арыз менен кайрылган. 16-ноябрь күнү бул шайлоочулардын 80 пайызы же 529у көчмө урналар аркылуу добуш берди. Бүгүн, 17-ноябрда облус боюнча 169 шайлоо участкасында шайлоо жүрүүдө. Саат 16.00 47 миң 218 шайлоочу добуш беришти. Бул жалпы 221 миң 100 шайлоочунун 21 пайызын түзөт.

Шайлоо-2024: 47 миң шайлоочу добуш берди

Нарын облусунда саат 16.00го карата шайлоочулардын 21 пайызы добуш беришти. Тагыраагы  47 миң 218 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Маалымат үчүн белгилесек, облус боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Учурда 169 шайлоо тилкесинде шайлоо жүрүүдө. Аймактык шайлоо комиссияларынын башчыларынын маалыматына караганда шайлоо тынч өтүүдө.  

Шайлоо-2024: 169 тилкеде шайлоо өтүүдө

Нарын облусу боюнча бүгүн, 17-ноябрда 169 шайлоо тилкесинде  жергиликтүү кеңештин шайлоо жүрүүдө. Нарын облусу боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Алардын ичинен 664 шайлоочу добуш берүү тилкесинен тышкары добуш берүүгө, 111 шайлоочу  аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арыз беришкен. Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 …

Шайлоо-2024: 169 тилкеде шайлоо өтүүдө Толугу менен »

Нарын: Көчмө жашик менен канча шалоочу добуш берди

Нарын районунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоо участкасынан сырткары көчмө үкөк менен добуш берүүгө 273 шайлоочу арыз берген. Алардын  244ү добуш беришкен. Нарын районунда 33 шайлоо тилкеси бар. Айылдык кеңештеги 137 орун үчүн 222 талапкер ат салышууда.

ШАЙЛОО-2024: Саат 14кө 16 пайыз шайлоочу добуш берди

Бүгүн, 17-ноябрда Нарын облусу боюнча  169 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин шайлоосу жүрүүдө. Саат 14.00гө карата жалпы шайлоочулардын  36  миң 356сы добуш берди. Бул 16.4 пайызды түзөт. Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышууда.

ШАЙЛОО-2024: 39 шайлоочу аралыктан добуш берди

Нарын шаарында аралыктан добуш берүү үчүн  №4901 аралыктан добуш берүү  шайлоо участкасы уюшулган. Аталган участоктун төрайымы Анара Жамгырчиеванын айтуусунда саат 14.00гө карата 39 шайлоочу келип добуш берди. Бул көрсөткүч 30 пайызды түзүп, активдүүлүк байкалууда. Негизинен аралыктан добуш берүүгө жалпы 111 шайлоочудан арыз келген.

Шайлоо-2024: Шайлоого даярдык кандай?

17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Нарын облусу даяр. БШКнын Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын району жана Нарын шаары боюнча өкүлү Бакыт Өмүралиев облустагы 169 шайлоо тилкелеринде шарттар түзүлүп, электр жарыгы, жылуулук жана генераторлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыздалып жатканын билдирди. Нарын облусу боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Алардын ичинен 664 шайлоочу жеңил …

Шайлоо-2024: Шайлоого даярдык кандай? Толугу менен »

Ат-Башы: Окуучулар үчүн спорт зал курулду

Өзгөрүш айылындагы Султанбек Райымбеков атындагы орто мектебинин спорт залынын курулушу бүтүп, колдонууга берилди. Анын  кызыл тасмасы президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда кесилди. Спорт зал мамлекеттин колдоосунда 62 миллион сомго салынды. Анда балдар-кыздардын кийинүүчү, жуунучу бөлмөлөрү, мугалимдер үчүн кабинеттер жана жыйындар залы бар. Имарат эки кабаттан турат.

141 миллион сомго курулган мектеп ачылды

Нарын шаарындагы Абдыкадыр Садыков атындагы №9 орто мектептин курулушу аяктап, окучуларга эшигин ачты. Эки кабаттан турган 375 орундуу жаңы билим уянын кызыл тасмасы бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда кесилди. Билим уянын курулушуна республикалык бюджеттен 141 миллион 752 миң  сом бөлүнүп, курулуш 2022-жылы башталган. Долбоор алкагында имарат типтүү  бардык ыңгайлуу шарттары менен заман талабына …

141 миллион сомго курулган мектеп ачылды Толугу менен »

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан атанын жансыз денеси табылды

Жумгал районундагы Өрнөк айылында 16-октябрда  мал кайтарууга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-баланын атасынын жансыз денеси табылды. Бүгүн, 14-ноябрда 1979-жылы туулган жарандын жансыз денесин  Көкөмерен суусунун боюнан ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери табышты. Аталган кызматтын кызматкерлери 11-ноябрында кызматтык-издөө иттери менен издөө иштерине тартылган. Анын уулун  табуу үчүн издөө иштери уланат.