DOLON MEDIA

Нооруз

Нооруз майрамында мыкты боз үй аныкталды

21-март Нооруз Нарын облусунда быйыл өзгөчө белгиленди. Себеби президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Нарындан тосту. Майрамдык шаң көп сынактар менен коштолду. Мисалы “Мыкты боз үй” сынагына облустун 5 районун , бир шаарынан боз үйлөр сынакка коюлду. Биринчи орунду Ат-Башы районунун уздары жасаган боз үй татаыктуу болуп, 120 миң сом байге утту. Экинчи орунга Ак-Талаа районунун …

Нооруз майрамында мыкты боз үй аныкталды Толугу менен »

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат

Нооруз майрамында Нарын шаарында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтө турган салтанатка байланыштуу Ленин көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Андабеков көчөсүнө чейин жабылат. Учурда атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Бул күнү сырттан келген меймандар унааларын калаанын кире бериш жерлерине, эски РТС мекемесинин короосуна, Москва чөлкөмүндөгү терминалга, …

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат Толугу менен »

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт

Быйыл Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарын шаарында өтөт. Президент Садыр Жапаровдун майрамдык салтанатка катышуусу күтүлүүдө. Президенттин аймактагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чара саат 11:00дө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталып, негизги маданий иш-чара өтөт. Расмий бөлүктөн кийин, саат 12:30дан 14:00гө чейин коноктор түшкү тамактан ырахат алышат, ал учурда салт боюнча баарына жазгы даамдуу …

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт Толугу менен »

Сүрөт баян: Нарын шаарында Нооруз майрамы белгиленди

21-мартта Нарын шаарынын аянтта Нооруз майрамы белгиленди. Аянтка миңге чукул адам чогулуп, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программага күбө болушту. Майрамдын иш-чарага Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов жана шаар мэри Канболот Тутуев катышты. Концерттик программада балдар бий топтору, музыкалык ансамблдер жана ыр-бийлер тартууланды.