DOLON MEDIA

Нарын

“Мыкты сүмөлөк” аныкталды

Нооруз майрамынын урматына Нарын шаарында биринчи жолу 41 казан сүмөлөк кайнатылды. Ага облустун борбору Нарын шаарынан 8, Ак–Талаа районунан 8, Ат-Башы районунан 14, Нарын районунан 10 жана Кочкор районунан бир казан сүмөлөк жасалды. Ага жалпы эки миңдей айымдар жана мырзалар тартылды. Жыйынтыгында калыстар тобу Нарын шаарындагы “Ата түрк” балдар бакчасынын жамааты жасаган сүмөлөктү мыкты деп …

“Мыкты сүмөлөк” аныкталды Толугу менен »

Садыр Жапаров Нарын облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында анын өнүгүү пландары менен таанышты. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров негизги тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Жумгал районунда “Түгөл-Сай” жана Кочкор районунда “Шамшы” суу сактагычтары, ошондой эле Нарын …

Садыр Жапаров Нарын облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты Толугу менен »

Нарындын ИДПсы эки эсеге өстү

Нарын облусунун ички дүң продукциясы 2025-жылы эки эседен ашык өстү. Бул тууралуу Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. “Акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө туруктуулук орноп, анын ичинде Нарын облусу да куру эмес экендигине эки ооз сөз менен токтоло кетейин. Облустун ички дүң продукциясы 2020-жылы 18 млрд сомду …

Нарындын ИДПсы эки эсеге өстү Толугу менен »

Нооруз майрамында мыкты боз үй аныкталды

21-март Нооруз Нарын облусунда быйыл өзгөчө белгиленди. Себеби президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Нарындан тосту. Майрамдык шаң көп сынактар менен коштолду. Мисалы “Мыкты боз үй” сынагына облустун 5 районун , бир шаарынан боз үйлөр сынакка коюлду. Биринчи орунду Ат-Башы районунун уздары жасаган боз үй татаыктуу болуп, 120 миң сом байге утту. Экинчи орунга Ак-Талаа районунун …

Нооруз майрамында мыкты боз үй аныкталды Толугу менен »

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат

Нооруз майрамында Нарын шаарында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтө турган салтанатка байланыштуу Ленин көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Андабеков көчөсүнө чейин жабылат. Учурда атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Бул күнү сырттан келген меймандар унааларын калаанын кире бериш жерлерине, эски РТС мекемесинин короосуна, Москва чөлкөмүндөгү терминалга, …

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат Толугу менен »

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт

Быйыл Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарын шаарында өтөт. Президент Садыр Жапаровдун майрамдык салтанатка катышуусу күтүлүүдө. Президенттин аймактагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чара саат 11:00дө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталып, негизги маданий иш-чара өтөт. Расмий бөлүктөн кийин, саат 12:30дан 14:00гө чейин коноктор түшкү тамактан ырахат алышат, ал учурда салт боюнча баарына жазгы даамдуу …

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт Толугу менен »

М. Рыскулов атындагы облустук театрга жаңы көркөм жетекчи келди

Тиешелүү министрликтин буйругуна ылайык Ишенбек Аманжолов бул кызматка 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды. 32 жаштагы И. Аманжолов жогорку билимдүү, Кыргызстанда, Россияда билим алган. Бакен Кыдыкеева жаштар театрында артист, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук театрында режиссер болуп иштеген. Үстүбүздөгү жылдын 10- мартынан баштап Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрына көркөм жетекчи болуп …

М. Рыскулов атындагы облустук театрга жаңы көркөм жетекчи келди Толугу менен »

Нарын шаарында гүлдөр өстүрүлөт

Нарын шаарына гүлдөр май айында отургузула баштайт. Мурда гүлдөрдүн көчөттөрү башка шаарлардан сатылып алынып келүүчү. Буга байланыштуу айрымдары жергиликтүү климаттык шартка ылайыкташпай соолуп да калчу. Быйыл гүлдүн уруктары Нарын шаарындада өстүлүп баштайт. Бул үчүн Нарын шаардык жашылдандыруу муниципиалдык ишканасынын эки кызматкери Каракол шаарына барып атайын окуудан өтүп келишти. Жыйынтыгында шаардык бюджеттен 170 миң сом бөлүнүп, …

Нарын шаарында гүлдөр өстүрүлөт Толугу менен »

Кочкорлук окуучулар облустук олимпиадада биринчи орунду камсыз кылышты

Бул маалыматты Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Астра Асаналемва маалымдады. Алгач райондук турга 578 окуучу катышып, алардын арасынан 1-2 -орундарды камсыз кылган 21 окуучу облустук турга жолдомо алышкан. Облустук олимпиадада 11 окуучу 1-3- орундарга ээ болушту. Бул Нарын облусу боюнча командалык эсепте биринчи орунга ээ болушту.  Облусттук олимпиада 27-28 февраль күндөрү өткөрүлгөн.

Нарын ОИИБ де кадрлар алмашты

2-мартта Нарын ОИИБ жетекчиси Жолболду Кочконов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык жаңы келген кадрларды өздүк курамга тааныштырды. Ал буйрукка ылайык Нарын облусттук ички иштер башкармылыгын башчысынын орун басарына милициянын подполковниги Максат Думанаев, ал эми тергөө кызматынын башчысына милициянын подполковниги Үмөталы Мусаев дайындалды. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.