Окучулардын каникул күндөрү белгилүү болду

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей өлкөбүздүн окуучулары кышкы каникулга 1-январдан 15-январга чейин чыгышат. Жаңы жыл же 31-декабрь дем алыш күнгө туш келгендиктен, каникул 30-декабрдан башталып, окуучулар 16 күн эс алышат. Ал эми мектепке 15-январдан тартып бара башташат.