DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Ат-Башы: Карылар үчүн машыгуу залы ачылды

Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында  карылар үчүн машыгуу борбору ачылды. “Улуу Муун”  деп аталган  борбор Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин  колдоосу менен  уюшулуп, улгайган  жарандарга кам көрүү максатын көздөйт. Аны менен катар эле алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө,  ден соолугуна  кам  көрүүгө   шарт түзүүгө, сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга көмөк көрсөтөт. Борбор  370 миң сомдук спорттук …

Ат-Башы: Карылар үчүн машыгуу залы ачылды Толугу менен »

64 чөлкөмүндө мыйзамсыз курулуштар бузулууда

Нарын шаарынын 64 аймагында Нарын дарыясынын жээгине салынган  мыйзамсыз курулуштар бузулуп, орду тазаланып жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан алынды. Бул  чөлкөмдөгү 15 склад, гараж, 13 темир тосмолор менен мыйзамсыз тосулган жеңил курулуштар шаардык муниципалдык менчикти башкаруу ишканасы тарабынан бузулуп жатат. Жер аянты тазалангандан кийин жээктин инфраструктурасын жакшыртуу, коопсуздандырып, тийиштүү шарттары менен аллея  салуу долбоорлонууда. …

64 чөлкөмүндө мыйзамсыз курулуштар бузулууда Толугу менен »

Тогуз айда кызамыктын 177 учуру катталды

Нарын райондор аралык мамлекеттик санепид көзөмөлдөө борборунун врач-иммунологу Гүлай Дуулатованын маалыматына караганда, өткөн жылдын тогуз айында облус боюнча  кызамык оорусунун 12 учуру катталса, быйыл  9 айда 177 учур катталып өсүш берген. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгып кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөө компаниясы жүргөн.  Анын натыйжасында октябрь айында оорунун бир учуру катталган. 21-октябрдан …

Тогуз айда кызамыктын 177 учуру катталды Толугу менен »

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө уланууда

Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылында мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз жоголгон эки адамды издөө уланууда. Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришкендей, 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан эки адамды Көкө-Мерен дарыясынан издөөгө Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнөн 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам …

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө уланууда Толугу менен »

Кочкор: Бөлүм башчы пара алууга шектелүүдө

Кочкор райондук санэпидкөзөмөл борборунун бөлүм башчысы ишкерлерден пара алууга шектелүүдө. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү багытында текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы А.А. …

Кочкор: Бөлүм башчы пара алууга шектелүүдө Толугу менен »

Жумгал: Мал кайтаруу үчүн кеткен эки адам дайынсыз болууда

Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарып жайлоого кеткен эки адам дайынсыз болууда. Бүгүн, 21-октябрда, аларды издөөгө райондук №43 жана №44 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн  12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам, жалпы 97 адам тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан …

Жумгал: Мал кайтаруу үчүн кеткен эки адам дайынсыз болууда Толугу менен »

Окуучулардын күзгү эс алуусу 4-ноябрда башталат

Кыргызстанда мектептердин күзгү каникулу 4-ноябрда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, күзгү каникул 7 күнгө созулат. Мектеп окуучулары 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алат, сабактар 11-ноябрда башталмакчы.

Ат-Башы: 47 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Ат-Башы районунун 47 жаштагы тургуну  8 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка таянсак, 12-октябрга караган милиция кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунан  “VOLVO-FH” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасын токтотуп текшерген учурда, андан боз түстөгү каптан өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат марихуана баңгизаты …

Ат-Башы: 47 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды Толугу менен »

 Тоо койнундагы жалгыз жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө статус берүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Алардын катарында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети дагы бар. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл …

 Тоо койнундагы жалгыз жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет Толугу менен »

Жылдагыдан түшүм мол…

Нарын облусунда тоют топтоо жана оруп-жыйноо өнөктүгү жыйынтыкталды. Быйыл облус боюнча дан эгиндеринин жана чөп өсүмдүктөрүнүн түшүмү жакшы болуп, өнөктүк өз убагында  жыйынтыкталды. Алсак 500 миң 455 миң тонна тоют топтолуп, бул  көрсөткүч өткөн жылга караганда 166 миң 673,8 тоннга көп. Ал эми 25 миң 808 гектар жерге айдалган  дан эгиндеринен 166 миң 694,2 тонна …

Жылдагыдан түшүм мол… Толугу менен »