Окуучулардын күзгү эс алуусу 4-ноябрда башталат
Кыргызстанда мектептердин күзгү каникулу 4-ноябрда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, күзгү каникул 7 күнгө созулат. Мектеп окуучулары 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алат, сабактар 11-ноябрда башталмакчы.