DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Кызматташтык: Кыргыз-Кытай күч түзүмдөрү жолугушту

Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү ортосунда коомдук коопсуздукту алдын алуу иштери жанданат. Бул максатта КЭРдин  Синьцзян-Уйгу́р автономиялык районунун, Кызыл-Суу Кыргыз автономдук  округунун коомдук коопсуздук бюросунун эл аралык кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Ду Юнь  айым баштаган өкүлдөрү  Нарында болушту. Аларды  облус башчысы Алтынбек Эргешов кабыл алды. Жолугушууда  тараптар эки өлкөнүн күч түзүмдөрү ортосундагы …

Кызматташтык: Кыргыз-Кытай күч түзүмдөрү жолугушту Толугу менен »

63 айыл өкмөтү биригип, 27 айыл аймагы түзүлөт

Өлкө башчынын  “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгынын  алкаганда, Нарын облусундагы 63 айыл аймагынын саны кыскарып 27 айыл аймагы түзүлөт. Нарын облусунда пиолттук негизде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда, айыл аймактарына колдоо көрсөтүү максатында Министрлер Кабинетине  караштуу  Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги тарабынан …

63 айыл өкмөтү биригип, 27 айыл аймагы түзүлөт Толугу менен »

Электриктерге жаны техникалар тапшырылды

«Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү» ААКнун филиалдарына жаны атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алынган SHANMON экскаваторлорунун жана атайын автоунаалардын жалпы суммасы 32 млн сомдун тегерегинде. Атайын автоунаалар Жалал-Абад, Ош, Нарын электр тармактар ишканаларына бөлүнүп берилди.

Ак-Талаа: Жогорку баллга 100 миң сом

Баетов айыл өкмөтү 2022-2023 –окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган окуучунун мектебин сыйлайт. Ал үчүн Баетов айылынын жергиликтүү бюджетинен 100 мин сом бөлүнөт. Аталган айыл өкмөтү бекиткен жободо сынактын максаты, 11-класстар арасында мыкты окуучуну жана  мыкты мектепти аныктоо болуп саналат. Эске сала кетсек, Нарын шаарынын мэри да жакшы балл алган окуучунун мугалимине автоунаа …

Ак-Талаа: Жогорку баллга 100 миң сом Толугу менен »

Шашылыш билдирүү, айдоочулар абайланыздар!

Кыргызгидромет кызматы тараткан маалыматка ылайык 19-20 апрелдерде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу ашууларда кар көчкүсү түшүшү ыктымал. Маалыматта айтылгандай, бул күндөрү тоолуу райондордун ашууларында кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Ал эми ӨКМ зарылдык болбосо жолго чыкпай турууну, жолго чыкса чынжырча, дары дармек топтомун, ысык суу ала жүрүүнү сунуштайт.

Бишкектик догдурлар Нарында

Үстүбүздөгү жылдын 18-22-апрель аралыгында Бишкектен келген дарыгерлер Нарын шаарынын жана Нарын районунун жашоочуларын акысыз көрүшөт. Бул маалымат Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан алынды. Догдурлар Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кабыл алуу бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт (мурдагы райондук оорукана). Курамында онко-гинеколог, онко-маммолог, эндокринолог,гастроэнтеролог жана онколог бар, алардын кабыл алуусуна кирүү үчүн алгач кабылдамадан тиешелүү дарыгерге талон жаздырып алып, кезегиниз …

Бишкектик догдурлар Нарында Толугу менен »

Орозо Айт майрамы 21-апрелде белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей Орозо Айт 21-апрелде белгиленет. Орозо айыныны башталышы жана аякташы айдын жаңыруусуна карап аныкталат. Ошондуктан Рамазан айы айрым учурда 29 күн, айрым учурда 30 күн болот. Орозо Айт майрамы Ыйыйк Рамазан айыныны аякталышы болуп

Нарында сомдун 30 жылдыгы белгиленүүдө

Анын алкагында Нарын шаарындагы К. Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик облустук тарыхый- этнографиялык музейинде КР нын Улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган көргөзмө өтүүдө. 17-19-апрель күндөрү өтүүчү НУМИЗМАТИКАлык көргөзмөдө каалоочуларга сом, тыйындын алгачкы үлгүлөрү менен катар Улуттук Банк чыгарган  юбилейлик алтын, күмүш тыйындарды көрүп,  кызыктырган суроолорго жооп аласа болот. Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Нарын …

Нарында сомдун 30 жылдыгы белгиленүүдө Толугу менен »

Сүрөт баян: Нарын шаарында 2700 түп көчөт тигилди

Бүгүн, 15-апрелде Нарын шаарында массалык көчөт отургузуу иш-чарасы уюштурлуп, анын алкагында 2700 түп көчөт тигилди. Башкача айтканда, шаардын  Москва чөлкөмүндөгү М.Жусаев атындагы паркка, МДС чөлкөмүндөгү эски күмбөздүн ордуна демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген көк карагайдын, ак кайыңдын жана теректин көчөттөрү отургузулду. Ага калаадагы облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардан кызматкерлер тартылды. “Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу” программасынын алкагында  …

Сүрөт баян: Нарын шаарында 2700 түп көчөт тигилди Толугу менен »

Өлкөдө май айында катары менен беш күн эс алуу болот

1-Май – Эмгекчилердин тилектештик майрамы, 5-май – Конституция күнү жана 9-май – Жеңиш күнү жылнаамада кызыл менен жазылган. Бул күндөрү кыргызстандыктар эс алышат. 8-май дүйшөмбү күнгө туура келгендиктен, дем алыш болот, ал күн үчүн 13-май иш күн деп жарыяланды. Беш жумушчу күн тартиби менен иштегендер беш күн эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана …

Өлкөдө май айында катары менен беш күн эс алуу болот Толугу менен »