Нарында пара спорту боюнча спартакиада өтөт
Нарын облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгы Нарын райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби менен биргеликте алгач ирээт республикалык деңгээлде параспартакиадасын уюштурушууда. Ал 3-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өтмөкчү. Спорттук иш-чарага 7 дубандагы спорт сүйүүчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Спартакиада 1-декабрь жекшемби күнү Нарын шаарындагы “Газпром балдарга” спорт комплексинде спорттун пара шахмат,стол үстүндөгү теннис, шашки …