DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт

Бүгүн, 20-январда АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт. Расмий түрдө Трамп АКШнын 47-президенти болуп калмакчы. Буга чейин ал АКШнын 45-президенти катары 2017-жылдан 2021-жылга чейин кызматта болгон. Ант берүү иш-чарасы Американын ABC, CBS, CNN, CSPAN, Fox News өңдүү ири телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөрү айтылды. Вашингтондо өтө турган инаугурацияга атайын чакырылган коноктор жана 200 …

АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт Толугу менен »

Аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыялар берилүүдө

Өлкөнүн Каржы министрлиги 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу багытында бир катар долбоорлорду  ишке ашырды. Долбоорлор Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланууда. Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Министрлер кабинетинин Кризиске каршы планын ишке ашыруу максатында жеке ишкерлерди жана ишканаларды колдоого багытталып, пайызсыз насыяларды берүүгө 109 …

Аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыялар берилүүдө Толугу менен »

Мектептерге кыргыз тилинен көчүрүү экзамени киргизилет

Кыргызстандагы бардык орто мектептерде милдеттүү түрдө кыргыз тили сабагынан жазуу жана оозеки түрүндө класстан класска көчүрүү экзамени киргизилет. Биилим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан өлкөдөгү бардык мектептердин 5-6-класстарынын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары кыргыз тили сабагынан жазуу жана …

Мектептерге кыргыз тилинен көчүрүү экзамени киргизилет Толугу менен »

Саякатчы Толстая Ат-Башыга 8 күндүк ат тур уюштурат

Саякатчы Александра Толстая 1999-жылы Улуу Жибек жолу боюнча  8 миң чакырым жолду ат менен басып өткөн алгачкы саякатчы. Ошондой эле ал  20 жылдан бери Кыргызстандын бардык  аймактарында жыл бою ат турларды уюштуруп келет. Толстая “Financial Times” британ гезитине макала жазып ат менен өткөн бардык аймактардын ичинен Ат-Башы району аны өзгөчө таасирленткенин  белгилеп,  ээн жаткан кең …

Саякатчы Толстая Ат-Башыга 8 күндүк ат тур уюштурат Толугу менен »

Теңиртоолуктар жырткычтардан 23 миллион сом зыян тартты

Нарын облусунда жырткыч жаныбарлар  элге 23 миллион сомдон ашык чыгым алып келди. Нарын облусу боюнча өткөн жыл ичинде  64 уй, топоз,  148  жылкы, 220 тай  жана 214 кой, эчки карышкырга жем болуп, мындан улам  теңиртоолуктар 23 миллион 139 миң сомдук зыян тартышкан. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, атайын түзүлгөн иш- чаралардын негизинде жана мергенчилердин …

Теңиртоолуктар жырткычтардан 23 миллион сом зыян тартты Толугу менен »

Арктикадагы көчмөндөр турмушу сүрөттөрдө

Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейде “Арктикада көчмөндөр” аталышындагы сүрөт көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө музей кызматкерлери -50 даража суук аймак болгон Арктикада жашаган 17 улуттун каада-салты, жашоо-турмушу тууралуу  маалымат беришти. Көргөзмөгө Россиянын мамлекеттик этнографиялык музейинен  алынып келинген 50дөн ашык сүрөттөр коюлган жана  бир ай боюу кызыккандарга маалымат берилип турат. “Арктикада жашаган якут, хакас жана башка улуттардын маданияты, …

Арктикадагы көчмөндөр турмушу сүрөттөрдө Толугу менен »

Ташиев эки жылда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин түшүрүү керектигин айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын октябрь айынан ушул мезгилге чейин атайын кызмат билим берүү системасында иштеген 34 кызматкерди – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучуну кылмыш жоопкерчилигине тартканын билдирди. Коррупциялык иштерге аралашкан деген негизде 42 кызматкер жумуштан бошотулган. Мамлекетке 207 млн 700 миң сом кайтарылган. …

Ташиев эки жылда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин түшүрүү керектигин айтты Толугу менен »

Өлкөдө айыл чарба азыктарын өндүрүү көлөмү жогорулады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Мындай көрсөткүч  малдын көбөйүшү менен байланыштуу. Алсак, 2024-жылдын декабрь айына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 459,6 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 11 миң 582 тоннага, же 2,6 пайызга эт көбүрөөк …

Өлкөдө айыл чарба азыктарын өндүрүү көлөмү жогорулады Толугу менен »

Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты

Кыргыздын белгилүү спортчусу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты. Үйлөнүү үлпөт тою 15-январда  Бишкектеги тойконалардын биринде өттү. Ал “Сүйүү бул жеңиш” деп жазып, үлпөт тоюндагы видеолор менен социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Айсулуу Тыныбекова 31 жашта. Ал Азиянын алты жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2021-жылы Токиодогу Олимпиадасында күмүш байгеге, ал эми 2024-жылы Париж …

Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты Толугу менен »

Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду

Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду. Маалыматка караганда, каза тапкандардын арасында чет мамлекеттердин жарандары да бар. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан контрабандалык алкоголь продукциясын саткан дүкөн аныкталган. Учурда соода жайы жабылып, мөөр басылган. Белгилей кетсек, Түркиядагы туристтердин ичинен жапырт уулануу учурлары 14-январда маалымдалган. Уулануу белгилери бар 38 адамдын 26сы чет өлкөлүктөр экендиги айтылган. Түркиялык …

Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду Толугу менен »