DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

К.Ташиев: “Нарындан күчтүү футболчулар чыгат”

Бүгүн, 4-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга болгон иш сапарында Нарын шаарынын чок ортосунда орун алган “Ала-Тоо” стадионунун абалын жеринде көрдү. Ал 1975-жылы пайдаланууга берилген стадиондо жасалчу жумуштар арбын экенин белгилеп, стадион келерки жылы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаш футболчулар үчүн  шарттар жакшыра турганын билдирди. Ошондой эле ал стадионго катарлаш жайгашкан мурдагы “Соң-Көл” кино театры дагы …

К.Ташиев: “Нарындан күчтүү футболчулар чыгат” Толугу менен »

Сүйүнчү пулдун көлөмү көбөйөт

Мындан ары деңиз деңгээлинен бир миң чакырым бийиктикте жашаган үй-бүлөдө төртүнчү баланы жарыкка алып келген энелерге мамлекет тарабынан “Сүйүнчү пул” 100 миң, бешинчи баласын төрөгөндөргө  600 миң, жетинчи баланы төрөгөнгө 1 миллион,  8-9 бала төрөгөңдөргө 1 миллион 500 миң , ал эми он бала төрөгөн энелерге 2 миллион сом берилет. Бул боюнча атайын программа иштелип …

Сүйүнчү пулдун көлөмү көбөйөт Толугу менен »

Нарында 9 баллдык жер титирөөгө туруштук берчү кайсы имарат?

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын уюшулганына туура 100 жыл болду. Архивдик маалыматтарга таянсак, 1924-жылы Кара кыргыз автоном облусунун  Нарын кантонунда Нарын шаардык ооруканасы 10 орун  менен ачылган. 1927-жылы  анда бейтаптар үчүн орундар  30 койкага чейин  жетип, эки врач жана эки медайым  иштей баштаган. Калктын саламаттыгы үчүн алгачкы оорукана болуп  ачылган, азыркы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын административдик …

Нарында 9 баллдык жер титирөөгө туруштук берчү кайсы имарат? Толугу менен »

 Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө иштери уланууда

16 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Жумгал районунун Өрнөк айлынын 45 жана 9 жаштагы тургундарын издөө  иштерине, бүгүн 31-октябрда  116 адам, 9 дрон тартылып, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө.  Бул тууралуу министрликтин маалымат борборунан билдиришти. Маалыматка караганда, алар 22 топко бөлүнүп, Өрнөк айылынан баштап Көкөмерен дарыясын болбой 30 чакырымына чейинки тилкесинде жүрөрү мерчемделген. Ал …

 Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө иштери уланууда Толугу менен »

Ат-Башы: Карылар үчүн машыгуу залы ачылды

Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында  карылар үчүн машыгуу борбору ачылды. “Улуу Муун”  деп аталган  борбор Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин  колдоосу менен  уюшулуп, улгайган  жарандарга кам көрүү максатын көздөйт. Аны менен катар эле алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө,  ден соолугуна  кам  көрүүгө   шарт түзүүгө, сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга көмөк көрсөтөт. Борбор  370 миң сомдук спорттук …

Ат-Башы: Карылар үчүн машыгуу залы ачылды Толугу менен »

64 чөлкөмүндө мыйзамсыз курулуштар бузулууда

Нарын шаарынын 64 аймагында Нарын дарыясынын жээгине салынган  мыйзамсыз курулуштар бузулуп, орду тазаланып жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан алынды. Бул  чөлкөмдөгү 15 склад, гараж, 13 темир тосмолор менен мыйзамсыз тосулган жеңил курулуштар шаардык муниципалдык менчикти башкаруу ишканасы тарабынан бузулуп жатат. Жер аянты тазалангандан кийин жээктин инфраструктурасын жакшыртуу, коопсуздандырып, тийиштүү шарттары менен аллея  салуу долбоорлонууда. …

64 чөлкөмүндө мыйзамсыз курулуштар бузулууда Толугу менен »

Тогуз айда кызамыктын 177 учуру катталды

Нарын райондор аралык мамлекеттик санепид көзөмөлдөө борборунун врач-иммунологу Гүлай Дуулатованын маалыматына караганда, өткөн жылдын тогуз айында облус боюнча  кызамык оорусунун 12 учуру катталса, быйыл  9 айда 177 учур катталып өсүш берген. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгып кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөө компаниясы жүргөн.  Анын натыйжасында октябрь айында оорунун бир учуру катталган. 21-октябрдан …

Тогуз айда кызамыктын 177 учуру катталды Толугу менен »

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө уланууда

Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылында мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз жоголгон эки адамды издөө уланууда. Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришкендей, 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан эки адамды Көкө-Мерен дарыясынан издөөгө Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнөн 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам …

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө уланууда Толугу менен »

Кочкор: Бөлүм башчы пара алууга шектелүүдө

Кочкор райондук санэпидкөзөмөл борборунун бөлүм башчысы ишкерлерден пара алууга шектелүүдө. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү багытында текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы А.А. …

Кочкор: Бөлүм башчы пара алууга шектелүүдө Толугу менен »

Жумгал: Мал кайтаруу үчүн кеткен эки адам дайынсыз болууда

Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарып жайлоого кеткен эки адам дайынсыз болууда. Бүгүн, 21-октябрда, аларды издөөгө райондук №43 жана №44 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн  12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам, жалпы 97 адам тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан …

Жумгал: Мал кайтаруу үчүн кеткен эки адам дайынсыз болууда Толугу менен »