Жумгал: Окуучулардын талашы эмнеден чыккан?
Жумгал районунда 10-класстын эки окуучусунун ортосунда чыккан уруштан улам Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкери тартиптик жазага тартылышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматынан алынды. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-февраль түнү саат 00:05 чамасында Жумгал райондук ооруканасынын 102 кызматына билдирүү келип, анда 2009-жылы туулган өспүрүм денесинен жаракат алгандыгын билдирген. Аталган билдирүү райондук милиция тарабынан …