DOLON MEDIA

Коом

Шаардын 64 аймагына LED  экран коюлат

Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап тейлөө көрсөтүү максатында  64 аймагына  эки LED экран орнотулат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 800 миң сомго сатылып алынган эки тараптуу  LED  экрандын узуну 5,  туурасы 2 метр. Учура аны орнотуу үчүн атайын түркүгү даярдалып жатат. “Экрандар коммерциялык багыттан тышкары маалымат таратуу үчүн да колдонулуп, шаарыбызга көрк берет”,-дей Нарын шаардык мэриясынан.

Эскертүү! Кочкор-Балыкчы жолу  убактылуу жабылат

Ушул жылдын 18-ноябрынан 18-декабрына чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун айрым тилкелери убактылуу жабылып турат. Бул тууралуу маалымат “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан алынды. Маалыматка караганда, Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында аталган жолдун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин, Кубакы ашуусунун бурулушуна чейин, жол кыймылы бир ай бою жабып турат. Жолдун жабылышы  курулуп жаткан темир жолдун 37-43 чакырымдарында жардыруу …

Эскертүү! Кочкор-Балыкчы жолу  убактылуу жабылат Толугу менен »

Шайлоо-2024: Партиялар кандай дообуш алды?

17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Учурда алдын ала жыйынтыктар чыгууда. Нарын шаардык кеңешине алты саясий партия ат салышкан. БШКнын расмий сайтынан алынган маалыматка таянсак жыйынтык төмөндөгүдөй болду. “Эл үмүтү” саясий партиясы  жалпы шайлоочулардын 1 миң 124 добушун алып, 11.35 пайызды; “Ишеним” саясий партиясы   1 миң 170 добуш алып,  11.81 пайызды; “Адилет” саясий партиясы  3 …

Шайлоо-2024: Партиялар кандай дообуш алды? Толугу менен »

Шайлоо-2024: Шайлоочулардын 30 пайызы добуш берди

17-ноябрда Нарын облусунда  169 шайлоо тилкесинде шайлоо өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча кечки саат 20.00го облустагы  221 миң 100 шайлоочунун  68 миң 102си шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 30.8 пайызын түздү.  Учурда дагы эсептөөлөр жүрүүдө. Ал эми аралыктан добуш берүүгө арыз берген 111 шайлоочунун 50сү добуш берүүгө катышып, 45,5 пайызды түзгөн. Маалымат үчүн белгилесек, Нарын …

Шайлоо-2024: Шайлоочулардын 30 пайызы добуш берди Толугу менен »

Шайлоо-2024: Көчмө жашик менен 529 шайлоочу добуш берди

Нарын облусунда көчмө урналар менен алдын ала шайлоого катышуу  үчүн 664 адам  арыз менен кайрылган. 16-ноябрь күнү бул шайлоочулардын 80 пайызы же 529у көчмө урналар аркылуу добуш берди. Бүгүн, 17-ноябрда облус боюнча 169 шайлоо участкасында шайлоо жүрүүдө. Саат 16.00 47 миң 218 шайлоочу добуш беришти. Бул жалпы 221 миң 100 шайлоочунун 21 пайызын түзөт.

Шайлоо-2024: 47 миң шайлоочу добуш берди

Нарын облусунда саат 16.00го карата шайлоочулардын 21 пайызы добуш беришти. Тагыраагы  47 миң 218 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Маалымат үчүн белгилесек, облус боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Учурда 169 шайлоо тилкесинде шайлоо жүрүүдө. Аймактык шайлоо комиссияларынын башчыларынын маалыматына караганда шайлоо тынч өтүүдө.  

Шайлоо-2024: 169 тилкеде шайлоо өтүүдө

Нарын облусу боюнча бүгүн, 17-ноябрда 169 шайлоо тилкесинде  жергиликтүү кеңештин шайлоо жүрүүдө. Нарын облусу боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Алардын ичинен 664 шайлоочу добуш берүү тилкесинен тышкары добуш берүүгө, 111 шайлоочу  аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арыз беришкен. Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 …

Шайлоо-2024: 169 тилкеде шайлоо өтүүдө Толугу менен »

Нарын: Көчмө жашик менен канча шалоочу добуш берди

Нарын районунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоо участкасынан сырткары көчмө үкөк менен добуш берүүгө 273 шайлоочу арыз берген. Алардын  244ү добуш беришкен. Нарын районунда 33 шайлоо тилкеси бар. Айылдык кеңештеги 137 орун үчүн 222 талапкер ат салышууда.

ШАЙЛОО-2024: Саат 14кө 16 пайыз шайлоочу добуш берди

Бүгүн, 17-ноябрда Нарын облусу боюнча  169 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин шайлоосу жүрүүдө. Саат 14.00гө карата жалпы шайлоочулардын  36  миң 356сы добуш берди. Бул 16.4 пайызды түзөт. Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышууда.

ШАЙЛОО-2024: 39 шайлоочу аралыктан добуш берди

Нарын шаарында аралыктан добуш берүү үчүн  №4901 аралыктан добуш берүү  шайлоо участкасы уюшулган. Аталган участоктун төрайымы Анара Жамгырчиеванын айтуусунда саат 14.00гө карата 39 шайлоочу келип добуш берди. Бул көрсөткүч 30 пайызды түзүп, активдүүлүк байкалууда. Негизинен аралыктан добуш берүүгө жалпы 111 шайлоочудан арыз келген.