DOLON MEDIA

Коом

Шашылыш билдирүү: 26-сентябрга карата аба ырайы

Кыргыз гидрометтин маалыматы боюнча: 26-27-сентябрларда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 26-сентябрда жана 27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде …

Шашылыш билдирүү: 26-сентябрга карата аба ырайы Толугу менен »

Нарын: Кум-шагыл араламшасын чыгарган завод ишке кирди

Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө кум-шагыл аралашмасын чыгарган завод ишке берилди. Завод “Запин-2”  участкасында жайгашкан. Долбоорду жеке ишкер Акмат Кудайбергенов өз каражатынан ишке ашырып, жалпы инвестициянын көлөмү  350-400 миң долларды түзгөн. Аталган завод до 15 жумуш орду түзулүп, саатына 180 тонна кум-шагыл өндүрөт. Мындан тышкары,  саатына 70-80 куб бетон аралашмасын чыгара турган завод дагы куруу …

Нарын: Кум-шагыл араламшасын чыгарган завод ишке кирди Толугу менен »

Асма көпүрөлөрдүн тегереги тозулду

Нарын шаарынын 64 аймагында жайгашкан эки асма көпүрө коопсуздандырылып, тегереги темир тосмо менен тосулду. Ошондой эле көпүрөнүн Нарын суу жээгин тосуу иштери аткарылды. Маалыматка караганда, ушул эле долбоордун алкагында Ленин №1көп кабаттуу турак жайын айланып өткөн жол салынып, аймактын инфраструктурасы жакшыртылды. Бул жумуштарды аткарууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 миллион 80 миң сом бөлүнгөн.

Ак-Талаа: Окуучулар китеп менен камсыздалды

Кара-Бүргөн айылындагы орто мектепке демөөрчүлөр тарабынан  69 миң сомго окуу китептери алынды. Аталган айылдын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин директору Гүлкайыр Майрыкееванын айтымында, 2024-2025-окуу жылына карата 9-10-11-класстын окуучулары үчүн Америка Кошмо Штаттарынан келген “Тынчтык корпусунун” ыктыярчысы Алекс Лоу, айылдын тургуну Алмаз Суранбаев жана бир катар ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 90 даана англис китеби алынып берилди. Жалпы …

Ак-Талаа: Окуучулар китеп менен камсыздалды Толугу менен »

Ак-Талаа: Таза суу долбоору башталды

Баетов айылында “Таза суу”  долбоору башталып, учурда Кубан Карагулов атындагы көчөдө траншея казуу иштери жүрүүдө. Аталган айыл өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын маалыматына караганда,  Баетов айыл өкмөтүнүн З. Ашырбаева көчөсүнүн күн чыгыш тарабына 80 метр тереңдикте 1 скважина казылып бүтүп, өткөрүлүп алынды. “Мындан сырткары БСР тарапка суу тартуу үчүн траншея казылып …

Ак-Талаа: Таза суу долбоору башталды Толугу менен »

Нарында бийик тоолуу медициналык симпозиум өтүүдө

Нарын шаарында 21-23-сентябрь күндөрү бийик тоолуу аймактарды жана медицинаны өнүктүрүүнүн жана алдыңкы технологияларды жайылтуу боюнча 3-эл аралык симпозиум өтүүдө. Аталган симпозиумдун алкагында “Миррахимов окуулары” атуу көчмө конференция да болууда. Бул күндөрү бийик тоолуу шартта жашаган калктын ден соолугуна, айрыкча жүрөк-кан тамыр оорууларын алдын алуу, дарылоону жакшыртуу, жаңы ыкмаларды колдонуу боюнча талкуу болууда. Аталган симпозиумга Франци, …

Нарында бийик тоолуу медициналык симпозиум өтүүдө Толугу менен »

Кочкор: Кинотеатрга Геннадий Базаровдун ысымы берилди

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы “Чолпон” кинотатрына КР эл артисти, кинорежиссер, сценарист Базаровдун ысмы ыйгарылып, алдына айкели орнотулду. Ага кесиптештери, район жетекчилиги катышты. Кинотеатрдын ичине режиссердун сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Аны менен катар Г. Базаровдун кино тасмалары көрсөтүлду. “Кыргыз кереметин” жаратуучулардын бири болгон Г. Базаров 1942-жылы Ата-Баашы районунда туулган. Атасы Садыр Базаров көп жылдар советтик-партиялык кызматкер …

Кочкор: Кинотеатрга Геннадий Базаровдун ысымы берилди Толугу менен »

Кыргызстанга БУУнун майыптыгы бар адамдар боюнча баяндамачысы келет

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) майыптыгы бар адамдар боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 23-сентябрдан 3-октябрга чейин Кыргызстанда расмий сапар менен болот. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды. Кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен келе жаткан Хаграсс өлкөдөгү майыптыгы бар адамдарды коргоо чаралары, мыйзамдар менен таанышат. Ал Бишкек, Ош, Токмок жана башка аймактарды кыдырып, майыптыгы бар адамдар, жергиликтүү бийлик, тийиштүү …

Кыргызстанга БУУнун майыптыгы бар адамдар боюнча баяндамачысы келет Толугу менен »

Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы Антониу Гутерриш Кыргызстан тоо демилгелерин ишке ашыруу боюнча Борбор Азияда өзгөчө орунду ээлеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндө лидерлик позицияны ээлөө үчүн олуттуу потенциалы бар экенин айтканын билдирди. Садыр Жапаров Кыргызстан …

Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту Толугу менен »

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн юань грант берет

Кытай кайтарымсыз негизде Кыргызстанга 200 млн юань грант бөлөт. Буга байланыштуу макулдашууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэйдын Пекиндеги жолугушуусунда кол коюлду. Тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгы, эки өлкө ортосундагы долбоорлордун аткарылышы тууралуу сүйлөшкөн. …

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн юань грант берет Толугу менен »