DOLON MEDIA

Коом

Нарын облусунун ашууларында кар тазалоо жүрүүдө

Нарын облусунун бийик тоолу аймактарына кар жаады. Негизги каттамдагы Долон ашуусунда жолго кум шагыл төгүү иштери 1 автогрейдер, 1 самосвал, 1 даана ХОВО кар тазалагыч менен жүрүүдө. Жайлоодон малчылар жакага түшө элегине байланыштуу Соӊ- Көл, Аксай, Арпа сыяктуу бийик тоолу жайыттардагы малчылардын абалы боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен иш алып барылууда. Атайын министрлик буга чейин …

Нарын облусунун ашууларында кар тазалоо жүрүүдө Толугу менен »

Облус жетекчиси ун азыктарын кымбаттатпоого чакырды

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарык укуктуу өкулунүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Нарындын базарларында бир кап ун сортуна жараша 700-900 сомго чейин кымбаттаса, өзүбүздөн өндүрүлгөн ундар 50-100 сомго чейин кымбаттап кеткен.  Ал эми нан болсо 3 сомдон 5 сомго чейин көтөрүлгөн. Буга байланыштуу облус башчысы Алтынбек Эргешов тиешелүү мекеме жетекчилерине, Нарын шаардык мэриясына, Монополияга каршы кызматына …

Облус жетекчиси ун азыктарын кымбаттатпоого чакырды Толугу менен »

Мектептердин жылуулук тутумдары качан оңдолот?

Нарын шаарындагы  №5 Кычан Жакыпов жана №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептеринин жылытуу системалары капиталдык ремонттон өткөрүү  жумуштары башталып,  учурда токтоп турат. Бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары  Нурбек Сыдыгалиев жана депутаты  Мурадил Сыдыков  жеринде көрдү. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев ремонту токтоп турган эки мектептин жылуулугу убагында берилбей кала турган болсо, …

Мектептердин жылуулук тутумдары качан оңдолот? Толугу менен »

Чөлкөмдөгү муктаждыктар чечилүүдө

“Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу” программасы тарабынан Нарын шаарындагы бир катар долбоорлор колдоого алынып,  Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосунун негизинде  Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун  агенттиктери тарабынан жүзөгө ашырылууда. Нарын шаарындагы Шаарча  жана Арал аймактарында балдар ойноочу аянтчаларын куруу зарылдыгы Нарын шаардык Кеңеши тарабынан сунушталып, 1 млн 279 миң сомго Шаарча аймагына,  Арал аймагындагы балдар ойноочу аянтчасы 1млн  296 …

Чөлкөмдөгү муктаждыктар чечилүүдө Толугу менен »

Бакыт Төрөбаев ун темир жолдогу тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Анда Казакстандан чыккан ундун баасынын жогорулашы, күйүүчү, майлоочу майдын баасы талкууланды. Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап …

Бакыт Төрөбаев ун темир жолдогу тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты Толугу менен »

Чет өлкөлүк агенттер боюнча кайрылуу

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасына Омурзаков Сүйүнбек Абдылдаевич   КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДЫК КООМУ “ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ӨКҮЛДӨР ЖӨНҮНДӨ” МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНУН КАБЫЛ АЛЫНЫШЫНА КАРШЫ   2023-жылдын 16-сентябрь                                                                                               КАЙРЫЛУУ Биз, Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин 25 депутатынын (Н. Нарматованын, Ж.Садырбаеванын, Г. Култаеванын жана башкалардын) мыйзам чыгаруу демилгесине …

Чет өлкөлүк агенттер боюнча кайрылуу Толугу менен »

Ɵлкөлбүздө өндүрүлгөн ундар кымбаттаган жок

“Анын ичинде “Акун” өндүргөн да ундар бар” деп жазды социалдык баракчасына окурмандардын суроолоруна жооп бнрип жатып аталган компаниялар тобунуну генералдык директору Нуржан Тентимишева. Акыркы 2-3 күн аралыгында республикабыздын соорда тармактарында нандын, ундун кымбаттап кеткени байкалган. Белгилүү болгондой Акундун ундары сортуна жараша 1125 сомдон1860 сомго чейин сатылууда. Мамлекеттик резервдик кампада ундун жетишээрлик экендиги буга чейин ачык …

Ɵлкөлбүздө өндүрүлгөн ундар кымбаттаган жок Толугу менен »

“Чет элдик өкүл” мыйзамы кворум жоктугунан каралбай калды

“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде каралбай калды. Мыйзам долбоору бүгүн биринчи окууда каралат деп расмий түрдө күн тартибине кирген, бирок кворум болбой калды. Мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат …

“Чет элдик өкүл” мыйзамы кворум жоктугунан каралбай калды Толугу менен »

Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирди абакта калтырды

Бишкек шаардык соту 18-сентябрда тергөө абагында отурган жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, аны абакта калтырды. Олжобай Шакир сотто кылмыш ишин негизсиз деп эсептей турганын, өзүнө коюлган айып менен макул эместигин билдирди. Бишкек шаардык соту 13-сентябрда анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. …

Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирди абакта калтырды Толугу менен »

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учактан кулагандардыг сөөгү табылды

Мындай маалыматты бүгүн 18-сентябрда  КР нын ТИМлиги билдирди. Ага ылайык Измирдин Меендерес провинциясынын токойлорунан өрт чыгып, аны өчүрүүгө барган тик учак, Тахталы дамбасынан суу толтуруп жатканда кулап кеткен. Натыйжада экипаждын төрт мүчөсү кырсыктаган. Э.И аттуу биздин жаран аман калып ооруканага жаткырылган. Ал эми эки кыргызстандыктын өздүгү такталып, сөөгүн мекенине жеткирүү иштери жүрүүдө.