Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынууда
Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык маанидеги унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынып жатат. Аталган унаа жолдун боюнда жалпы 20 мыйзамсыз курулуш бар. Алар жол тейлөө мекемелеринин техникаларынын жардамы менен алынып жатат. 18-ноябрда Ат-Башы районунан 4 мыйзамсыз курулуш алынды. Ал эми бүгүн, 19-ноябрда жумуш Кочкор районунда уланууда. Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришкендей, эми мамлекеттик маанидеги …