DOLON MEDIA

Коом

Өлкө башчы Кытайдын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-январда, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы аны дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан Кытай менен түзүлгөн баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын белгиледи. Президент КР жана КЭРдин ортосундагы байланыштар саясат, экономика жана соодадан тартып илим, маданият жана билим берүүгө чейинки чөйрөлөрдү …

Өлкө башчы Кытайдын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды Толугу менен »

Жумгал: “Ысык суу” ден соолукту чыңдоо пункту мамлекетке алынды

УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында Чаек айыл аймагынын “Жамантала” тилкесинде жайгашкан, баасы 44 млн 150 миң сомду түзгөн “Ысык суу” дарылоо-  жана ден соолукту чыңдоо пункту мамлекетке кайтарылды.  Минералдык булактын жалпы аянты 1,1227 гектар. Текшерүү учурунда 2005-жылдын май айында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы жараксыз абалга келген деген шылтоо менен аталган объектини “Аккабак-Сулайман Н+” жеке …

Жумгал: “Ысык суу” ден соолукту чыңдоо пункту мамлекетке алынды Толугу менен »

Президент дин боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын 1-беренесине ылайык аталган мыйзам КР Конституциясына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык …

Президент дин боюнча мыйзамга кол койду Толугу менен »

К.Туманбаев: “Ипотекалык батирин ижарага бергендер аныкталса чара көрүлөт”

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев мамлекеттик ипотекалык  компаниядан  үй алгандар батирлерин ижарага берүүгө укугу жок экенин, эгер бул боюнча маалыматтар тактала турган болсо, автоматтык түрдө батир мамлекетке кайтарылаарын айтты. Анын айтымында, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга чара көрүлүп, үй кийинки кезекте турган жаранга берилет. “Биз 2024-жылы тапшырган 1059 батирдин бирөөсүн дагы ижарага берүүгө эч кимдин акысы …

К.Туманбаев: “Ипотекалык батирин ижарага бергендер аныкталса чара көрүлөт” Толугу менен »

Калктын жашоо шартын жакшыртуу кыргыз бийлигинин башкы максаты

Советтер союзу тарап, ар бир республика өз алдынча мамлекет болуп бөлүнгөндөн кийин деле эгемендүү республикалардын жаңы бийлиги мурунку СССР учурундагы калкты социалдык жактан коргоо жана колдоо саясатын жүргүзгөнү аракет кылып келген. Социалдык маселелер Кыргызстандын бийлигинин артыкчылыктуу багыты болуп, ошондогу кыйынчылыктарга карабастан мамлекет өзүнүн социалдык милдеттенмелерин аткарганга аракет кылган. Бирок тилекке каршы, 30 жыл ичинде мурунку …

Калктын жашоо шартын жакшыртуу кыргыз бийлигинин башкы максаты Толугу менен »

Эртеңден тартып аба-ырайы кескин өзгөрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка таянсак, 22-23-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда туман түшүшү, өлкөнүн түштүгүндө зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болушу мүмкүн. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, …

Эртеңден тартып аба-ырайы кескин өзгөрөт Толугу менен »

Түндүк менен түштүктү бириктирген жол жаз айында колдонууга берилет

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу аяктап, үстүбүздөгү жылдын жаз айларында пайдаланууга берилет. Маалыматка караганда, жол инвестициялык долбоорлордун алкагында курулуп, курулуш жумуштары 100 пайыз аяктады. Долбоор алкагында 887 миллион доллар каралган. Жолдун узундугу 453 чакырымды түзүп, Көк-Арт ашуусунда узундугу 3 чакырым болгон эки туннель салынды. Курулушу 2014-жылы башталган альтернативдүү жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман …

Түндүк менен түштүктү бириктирген жол жаз айында колдонууга берилет Толугу менен »

ТИМ Кореяда жүргөн кыргызстандыктарды сак болууга чакырат

Акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кореянын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылчылык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырат. “Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында. Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу …

ТИМ Кореяда жүргөн кыргызстандыктарды сак болууга чакырат Толугу менен »

Аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыялар берилүүдө

Өлкөнүн Каржы министрлиги 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу багытында бир катар долбоорлорду  ишке ашырды. Долбоорлор Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланууда. Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Министрлер кабинетинин Кризиске каршы планын ишке ашыруу максатында жеке ишкерлерди жана ишканаларды колдоого багытталып, пайызсыз насыяларды берүүгө 109 …

Аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыялар берилүүдө Толугу менен »

Мектептерге кыргыз тилинен көчүрүү экзамени киргизилет

Кыргызстандагы бардык орто мектептерде милдеттүү түрдө кыргыз тили сабагынан жазуу жана оозеки түрүндө класстан класска көчүрүү экзамени киргизилет. Биилим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан өлкөдөгү бардык мектептердин 5-6-класстарынын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары кыргыз тили сабагынан жазуу жана …

Мектептерге кыргыз тилинен көчүрүү экзамени киргизилет Толугу менен »