DOLON MEDIA

Башкы тема

Нарын шаарынын 156 жылдыгы белгиленди

17-сентябрда Нарын шаарынын 156 жылдыгы, Кара-Кыргыз автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Нукура” фестивалы өттү. Иш чаранын алкагында 20 наристенин тушоосу кесилди, жеке ишкерлер кура турчу 6 кабаттуу үйдүн капсуласы салынды. Нарын шаарынын “Городок” чөлкөмүндөгү скверге 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда курман болгон Бейкут Алмаз уулунун ысмы ыйгарылды, андан сырткары скверлер, оюн аянтчалары ачылды. …

Нарын шаарынын 156 жылдыгы белгиленди Толугу менен »

“FLEX программасына катышкыла”- Альбина Акматказиева

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы орто мектебинин окуучусу Альбина Акматказиева курбалдаштарын FLEX программасына катышууга үндөйт. Себебин ал бизге берген маегинде түшүндүрдү FLEX прорграммасы Мен Н. Жүндүбаева атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусумун, ошондой эле 2024-жылы FLEX тин финалистимин. Бул программага кантип кирдим? Ооба, FLEX ар дайым менин кыялым болчу, анткени менин агам да, …

“FLEX программасына катышкыла”- Альбина Акматказиева Толугу менен »

Жаңы алынган электро бустар 19-августтан тарта каттамга чыгат

Нарын шаарында коомдук унааны өнүктүрүү максатында сатылып алынган электробустар  19-августтан баштап  каттамга чыгат. Бүгүн, 15-августа автобустардын ачкычын айдоочуларына облус жетекчиси Алтынбек Эргешов, калаа башчысы  Канболот Тутуев тапшырып, коомдук транспорт элге кызмат кылган акжолтой болушун тилек кылышты. Буга чейин электробустарды токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулуп жана кубаттай турган станциясы орнотулган. Маалымат үчүн белгилесек, коомдук унаалар 66 …

Жаңы алынган электро бустар 19-августтан тарта каттамга чыгат Толугу менен »

Нарын:Техника сатып алууда мамлекетке 4 миллион сом зыян келтирилген

Нарын районундагы Чет-Нура  айыл өкмөтүнүн балансына оор техника сатып алууда мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын районунун прокуратурасы тарабынан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы текшерилди. Анда Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып же болбосо башка адамга пайда …

Нарын:Техника сатып алууда мамлекетке 4 миллион сом зыян келтирилген Толугу менен »

Ак-Талаа: Султан Соң-Көлдү алты саатта сүзүп өттү

Спортсмен Жумабек уулу Султан Соң-Көл көлүн 6 саатта сүзүп өтүп, жалпы 11,5 чакырым аралыкты багынтты. Ал  “Ворлд Класс” фитнес клубунун мүчөсү.Бул тууралуу Ак-Талаа райондук администрациядан билдиришти. Анын  Соң-Көл көлү аркылуу сүзүп өтүүсүн уюштурууга жана коопсуздугун камсыздоого райондук администрациясынан, райондук ички иштер бөлүмүнөн, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнөн тиешелүү кызматкерлер жана  №16- Нарын …

Ак-Талаа: Султан Соң-Көлдү алты саатта сүзүп өттү Толугу менен »

Айсулуу жарым финалда күрөшөт

Париждеги Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова жарым финалга жолдомо алды. 62 кг чейинки салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда АКШнын балбаны Кайл Миракл менен кез келип, жеңишке татыды. Буга дейре Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда нигериялык спортчу Эстер Колаволе менен күрөшүп, аны 4:1эсебинде уткан. Эми Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен күрөшөт. Жарым финалдык беттештер Бишкек …

Айсулуу жарым финалда күрөшөт Толугу менен »

С.Орозбаков көчөсү асфальттала баштады

Бүгүн, 9-августта Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы жолуна асфальт төшөлө баштады. Жол чарба департаментинин Нарын облустук бөлүмүнөн билдиришкендей, жалпы 1 чакырым  280 метр  жол жасалат.  Асфальттоо жумуштарын эки-үч күндүн ичинде бүтүрүү мерчемделүүдө. Ал эми Ленин атындагы борбордук жолду кеңейтүү жумуштары 12-августта башталат. Бул жолдун 9.5 чакырым аралыгы 15 метрге чейин кеңейтилип, жол боюндагы троллейбустун линиялары жылдырылат …

С.Орозбаков көчөсү асфальттала баштады Толугу менен »

Таза азык-таза ден соолук!

Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын башчысы Ишенбек Алманбетовдун маалыматына караганда, бруцеллез оорусу көп аныкталууда. Алсак быйылкы жылдын алты айында 29 мин 143 изилдөө жүргүзүлсө, 33 баш уйдан бруцеллез табылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда  4 учурга көп. Дарт аныкталган мал эрежелерге ылайык союлуп жок кылынган. Аталган лаборатория жаныбарлардын бактериологиялык, серологиялык, паразитологиялык ооруларын аныктоо боюнча өз убагында  …

Таза азык-таза ден соолук! Толугу менен »

Ат-Башы: “Ат-Башы эт” ишканасы суткасына 10 миң банкадан ашык продукция өндүрүүдө

Ат-Башы районундагы “Ат-Башы эт” комбинаты жыл башынан бери 40 тонна продукцияга буюртма алса анын жарымын өндүрүп бүттү. Цехте учурда суткасына үй, топоз этинен  беш миң банка тушонка, гречкадан, арпадан жана күрүчтөн 6 миң банка ботко даярдалат.  Бул азыктар Коргоо жана Ички иштер министирлигине, Чек ара кызматтарынын буюртмасы менен өндүрүлүүдө. Алдыда чучбара, тифтели, жана фрикадельки өндүрүүнү …

Ат-Башы: “Ат-Башы эт” ишканасы суткасына 10 миң банкадан ашык продукция өндүрүүдө Толугу менен »

Айрым айыл өкмөттөрдүн иши сынга кабылды

Облустук коллегияда айрым айыл өкмөт башчыларынын иши сынга кабылды. Алар жарандардан келген арыз даттанууларга өз убагында жооп бербегендер жана кайрылууларды кароо тартибинин талаптарын өз убагында аткарбагандар. Жыйын жүрүшүндө облус башчысы Алтынбек Эргешов алардын  ар биринен анын себептерин сурап, мындан ары мамиле катуу болоорун эскертти. Ошондой эле ал айыл өкмөттөрдүн иштөөсүнө тиешелүү шарттар түзүлүп, колдоо иретинде …

Айрым айыл өкмөттөрдүн иши сынга кабылды Толугу менен »