23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү
Бүгүн, 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү. Бул күн облустагы бардык окуу жайларда, китепканаларда, мекеме-ишканаларда жана мектептерде салтанаттуу белгиленип жатат. Алсак, С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы “Кыргыз тилим-көөнөрбөс дилим” деп аталган китеп көргөзмө уюштуруп, жалпы коомчулук үчүн китепкана алдында көркөм окууларды өткөрүштү. Китепкананын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Мураталиеванын айтуусунда, жаштар арасында кыргыз тилинде классикалык жана тарыхый чыгармаларды окугандар …









