DOLON MEDIA

Башкы тема

Нарын мамлекеттик университетинде коррупциялык схема аныкталды

Нарын мамлекеттик университетинде (НМУ) чет элдик студенттерди кабыл алуу, которуу жана окутуу тартибин одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, НМУда 2020-2021 жана 2021-2022-окуу жылында өлкөнүн билим берүү кызматтарын экспорттоо чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарына доо кеткен мыйзам бузуулар аныкталган. Ага ылайык, университеттин жетекчилиги кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, кызмат абалынан кыянаттык …

Нарын мамлекеттик университетинде коррупциялык схема аныкталды Толугу менен »

Нарын ШИИБдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды

Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга” шектелип кармалды. Бул тууралуу 16-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-мартында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына З.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз …

Нарын ШИИБдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды Толугу менен »

Аймактык гезиттердин редакторлорунун кайрылуусу

Бүгүн, 15-мартта облустук гезиттердин башкы редакторлору облустук гезиттердин жоюлушу боюнча КабМиндин токтом долбоорунун элдик талкууга коюлушуна пикирин билдиришип, кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда облустук гезиттердин редакцияларын жоюу жөнүндөгү Министрлер Кабинетинин токтомунун жалпы элдик талкууга коюлушу анда иштеген журналисттерди бушайманга салганы айтылып, коомчулуктун арасында да кызуу талкууну жаратып жаткан бул токтом долбоорун элдик талкууга чыгарбай эле токтотуп …

Аймактык гезиттердин редакторлорунун кайрылуусу Толугу менен »

Нарын шаардык мэриясы автобустарды сатып алууга тендер жарыялады

Нарын шаардык мэриясы электр менен жүрүүчү автобустарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайты жарыяланды. Порталдын маалыматы боюнча, тендерди Нарын шаардык мэриясы жарыялаган. Жалпы сметалык баасы 76 миллион сомду түзөт. Бул суммага Нарын муниципалитети 250-300 чакырымга жете турган 5 электроавтобус алууну пландоодо. Ар бир унаада кеминде 17 жүргүнчү бата турган орундук болушу …

Нарын шаардык мэриясы автобустарды сатып алууга тендер жарыялады Толугу менен »

Теңир-Тоодо жазгы талаа иштери качан башталат?

Учурда Нарын облусунун аймагында  суук болуп,  кар кете элек болгондуктан, жазгы талаа иштерине даярдыкты толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бирок талаачылык иштери башталганга чейин техникалар ремонттолуп, толук даярдалат,-деп билдиришти Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнөн. Нарын облусундагы 25 техникалык тейлөө сервистери жаз, күз мезгилдеринде айылдык товар өндүрүүчүлөргө кызамт көрсөтүп …

Теңир-Тоодо жазгы талаа иштери качан башталат? Толугу менен »

Маданият министрлиги облустук гезиттерди жоюуну сунуштады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги облустук гезиттердин бир нече редакциясын жоюуну сунуштоодо. Коомдук талкууга коюлган Министрлер Кабинетинин токтомунун долбооруна ылайык, жоюу сунушталат: Баткен райондук «Баткен таңы» гезитинин редакциясы; Жалал-Абад областтык «Акыйкат» жана «Жалал-Абад тонги» газеталарынын редакциялары; Ысык-Көл областтык «Ысык-Кол кабарлары» жана «Вести Ысык-Көл» гезиттеринин редакциялары; «Теңир Тоо» гезитинин Нарын областтык редакциясынын редакциясы; Талас …

Маданият министрлиги облустук гезиттерди жоюуну сунуштады Толугу менен »

Быйылкы жылдагы фитир-садака берүүнүн өлчөмү бекиди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2023-жылдагы фитир-садака берүүнүн өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын билдиришти. “Баалардын туруксуздугуна байланыштуу садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл буруу керектигин эскертет”,- деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, фитир-садака берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз …

Быйылкы жылдагы фитир-садака берүүнүн өлчөмү бекиди Толугу менен »

Нарынга өрт өчүрүүчү унаалар келди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын базасы жаңы өрт өчүрүүчү унаалар менен толукталды. Россия мамлекетинен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам катары келген  «КАМАЗ-43118”  үлгүсүндөгү  40 өрт өчүрүүчү унаанын жетиси Нарын облусуна бөлүнгөн. Бул унаалар министрликтин облустагы башкармалыгына тапшырылып, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал райондоруна  экиден берилсе, Кочкор районуна бирөө бөлүндү. Ал эми Нарын шаары менен Нарын районуна …

Нарынга өрт өчүрүүчү унаалар келди Толугу менен »

18,5 чакырым ички жолду оңдоого 133 миллион сом керектелет

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун 11-мартта Нарында болгон жумушчу сапарынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо долбоорлорун тааныштырды. Анын айтуусунда , Нарын шаарында 18,5 чакырым ички көчөлөрдү оңдоо пландалып, ага 133 миллион сом керектелет. Борбордук Ленин атындагы жолго  жүктү азайтуу үчүн Сагынбай Орозбак уулу көчөсүнүн айланма …

18,5 чакырым ички жолду оңдоого 133 миллион сом керектелет Толугу менен »

Эски күмбөздөрдүн орду жашылдандырылат

Жазгы жашылдандыруу иштеринин алкагында Нарын шаарындагы МДС, РТС жана Ак-Коргон чөлкөмүндөгү эски күмбөздөрдүн ордуна бак-дарактардын көчөттөрү тигилет. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы жакынкы күндөрү калаада  жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери башталаарын билдирди. Белгилүү болгондой жазгы жашылдандыруу жумуштарынын алкагында 10 миңден ашык бак дарактардын көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттин, демөөрчүлөрдүн эсебинен ийне жалбырактуу жана мөмө-жемиш бактарынын …

Эски күмбөздөрдүн орду жашылдандырылат Толугу менен »