Ак-Талаа: Окуучуларга автобус берилди
Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы А.Абдраимов атындагы орто мектепке 18 орундуу чакан мектеп автобусу берилди. Маалыматка караганда, окуучулар үчүн унаа КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы №712-тескемесинин негизинде “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү автономдуу коммерциялык эмес уюмунун 100 бирдик санындагы мектеп автобусун акысыз өткөрүп берүү максатында берилди.