DOLON MEDIA

Day: March 18, 2026

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат

Нооруз майрамында Нарын шаарында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтө турган салтанатка байланыштуу Ленин көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Андабеков көчөсүнө чейин жабылат. Учурда атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Бул күнү сырттан келген меймандар унааларын калаанын кире бериш жерлерине, эски РТС мекемесинин короосуна, Москва чөлкөмүндөгү терминалга, …

Нарын шаарынын борбордук көчөсү 21-мартта жабылат Толугу менен »

40 казан сүмөлөк кайнатылат

Нарын шаарында Нооруз майрамынын алкагында “Мыкты сүмөлөк” сынагы өтөт. Ага  облустагы ар бир район катышып, жалпы 40 казан сүмөлөк кайнатылат. Сынакка “Кыргыз биримдик” коомдук бирикмеси жана “Тапсаң сеники” долбоорунун негиздөөчүлөрү демөөрчү болуп, уюштуруу иштерине 1 миллион 500 миң сом жумшашууда. Эң даамдуу жана нак сүмөлөк деп табылган “Мыкты сүмөлөккө”  акчалай байгелер берилет. Уюштуруучу Дана Абдыбекова  …

40 казан сүмөлөк кайнатылат Толугу менен »

Ак-Талаада мыйзамсыз балык кармагандарга айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа районунда мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Маалыматка караганда. жаратылыш сакчылары  райондун  Кара-Суу жана Мыкачы аймактарында  эки күндүк рейд өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жүргѳн 8 жаран кармалып, КР Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 8 мин сом айып салынган.

Нарында Нооруз кандай белгиленет?

Нарын шаарында быйыл Нооруз майрамы өлкө жетекчилигинин катышуусунда республикалык денгээлде өзгөчө белгиленет. Учурда ага карата кызуу даярдык көрүлүп, мамлекет тарабынан ар тараптуу  колдоолор көрсөтүлүүдө. Алсак, калаабыздын борбордук бөлүгүндөгү имараттарда ондоп-түзөөлөр, парктарда, көчөлөрдө жарыктандыруу иштери жасалды. Атайын техникалар алынып келинди. Маданий иш-чаралар Маданият, маалымат  жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, Нооруздун театралдаштырылган оюн-зоок программасына 500дөй  маданият …

Нарында Нооруз кандай белгиленет? Толугу менен »