DOLON MEDIA

Day: March 17, 2026

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт

Быйыл Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарын шаарында өтөт. Президент Садыр Жапаровдун майрамдык салтанатка катышуусу күтүлүүдө. Президенттин аймактагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чара саат 11:00дө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталып, негизги маданий иш-чара өтөт. Расмий бөлүктөн кийин, саат 12:30дан 14:00гө чейин коноктор түшкү тамактан ырахат алышат, ал учурда салт боюнча баарына жазгы даамдуу …

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт Толугу менен »

Малдын ылаңына каршы жазгы эмдөөлөр башталды

Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш чаранын алкагында  кой-эчкилер оспа, бурцеллезге каршы, ал эми бодо малдар шарп, карасан, күйдүргү ылаңдарына каршы жапырт эмделет. Үй жаныбарлар: ит, мышык кутурмага каршы эмделип, эхинококкоз ылаңына каршы дегельминтизациялоо иштери башталды. Вакцинация мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Ветеринардык дары -дармектерди жана биокаражаттарды сатып алуу …

Малдын ылаңына каршы жазгы эмдөөлөр башталды Толугу менен »

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Бул жылдын 18- 23-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертет: Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымдарына кар көчкү тушүүсү мумкүн, бул жол Кара-Үңкүр тилкесине тиешелүү. Айдоочуларды  унаалардын ортосундагы 500 м аралыкты сактоосу зарыл.