Ат-Башы: “Кыргыз шырдагы” 16-жолу өттү

28-29-июнь күндөрү Нарында салтка айланган “Кыргыз шырдагы” фестивалы  Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда өттү. Элдик  салттуу маданий  мурастарды сактоо, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салттуу билимдерди жандандыруу менен Кыргызстанды туризмдин  аймагына  айландыруу максатындагы эл аралык фестиваль быйыл 16- жолу болду. Эл аралык фестиваль “Кыргыз даамы” фестивалы жана “Хан Кошой” эл аралык  мелдеши менен коштолду.