DOLON MEDIA

Day: November 19, 2024

Калаадагы мыйзамсы курулган курулуштар алынууда

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда. Мындай жумуштар 64 аймагында аткарылып жатат. Жер аянттарын боштотуу иштери Нарын дарыясынын жээгине аллея салуу менен суу жээгин коопсуздандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жасалууда. Долбоорду ишке ашуруу 2025-жылдын жаз-жай мезгилдерине пландалып жатат.

 Нарын: Аз камсыздарга кара отун таратылды

Нарын  районунда  10 миң 242 түтүн  аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлө бар. Күз-кыш мезгилинде аларды көмүр отун менен камсыздоо максатында айыл өкмөттөр акысыз көмүр жеткирип беришет. Нарын райондук мамлкекттик администрациясынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата  Жан-Булак  айыл өкмөтүндө 33, Миң-Булак  айыл өкмөтүндө 72, Эмгек- Талаа  айыл өкмөтүндө 10 үй-бүлөгө, жалпы 62.5 тонна  көмүр түшүрүлдү.

Нарын: Ак-Кыя айылына ФАП салынды

Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында жаңы ФАП курулуп,  ишке берилди. Медициналык мекеменин курулушуна АРИС уюмунун АИД-3 кошумча каржылоо долбоору менен  4 млн 262 миң 170 сом, ал эми Нарын райондук өнүктүрүү фондунан бир миллион сом бөлүнгөн. Долбоор элеттеги элдин  ден соолугуна кам көрүү менен медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана элдин жашоо сапатын жогорулатуу …

Нарын: Ак-Кыя айылына ФАП салынды Толугу менен »

Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык маанидеги унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынып жатат. Аталган унаа жолдун боюнда жалпы 20 мыйзамсыз курулуш бар. Алар жол тейлөө мекемелеринин техникаларынын жардамы менен алынып жатат. 18-ноябрда Ат-Башы районунан  4 мыйзамсыз курулуш алынды. Ал эми бүгүн, 19-ноябрда жумуш Кочкор районунда уланууда. Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришкендей, эми  мамлекеттик маанидеги …

Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынууда Толугу менен »

Шаардын 64 аймагына LED  экран коюлат

Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап тейлөө көрсөтүү максатында  64 аймагына  эки LED экран орнотулат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 800 миң сомго сатылып алынган эки тараптуу  LED  экрандын узуну 5,  туурасы 2 метр. Учура аны орнотуу үчүн атайын түркүгү даярдалып жатат. “Экрандар коммерциялык багыттан тышкары маалымат таратуу үчүн да колдонулуп, шаарыбызга көрк берет”,-дей Нарын шаардык мэриясынан.