DOLON MEDIA

Day: November 14, 2024

Жумгал: Дайынсыз болуп жаткан атанын жансыз денеси табылды

Жумгал районундагы Өрнөк айылында 16-октябрда  мал кайтарууга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-баланын атасынын жансыз денеси табылды. Бүгүн, 14-ноябрда 1979-жылы туулган жарандын жансыз денесин  Көкөмерен суусунун боюнан ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери табышты. Аталган кызматтын кызматкерлери 11-ноябрында кызматтык-издөө иттери менен издөө иштерине тартылган. Анын уулун  табуу үчүн издөө иштери уланат.

Медициналык мекемелер 130 дарыгерге муктаж

Нарын облусунда жашаган калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө  болгону 42 үй- бүлөлүк дарыгер иш алып барат. Алардын токсон пайызы пенсия курагындагылар . Бүгүнкү күндө, хирург, аллерголог, иммунолог, педиатр сыяктуу 130 дарыгер жетишпейт. Жыл башынан бери Нарын облустук медициналык мекемелерден 23 врач жумуштан бошоп кетсе, 21 врач келген.Ошондой эле 15 врач депозит программасы менен  иштешүүдө

Нарын-Орук-Там жолу жабылды

Нарын-Орук-Там унаа жолу 2025-жылдын апрелине чейин жабылды. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаев билдирип, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыкканын кошумчалады. Мындай чечим алдыдагы кыш мезгилинде аба-ырайынын жана жол шартынын катаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогондугуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын  болушуна жол …

Нарын-Орук-Там жолу жабылды Толугу менен »

Ат-Башы: Согуштун арадегри Тапа Керимкулов дүйнө салды

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын, Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун “Ардактуу атуулу” Тапа Керимкулов 98 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Т.Керимкулов 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 1941-жылы 17 жаш курагында, 9-классты окуп жаткан учурда Улуу Ата Мекендик согушка кетип, Ата Мекенине 23 жашында кайтып …

Ат-Башы: Согуштун арадегри Тапа Керимкулов дүйнө салды Толугу менен »

Нарында жаңы аллея салынууда. Ага кандай ат берилет?

Нарын шаарынын Жаңы -Жол аймагында, Нарын дарыясынын жээгине сейил бак салынып жатат. Шаар мэри калаанын кире беришин көрктөндүрүү жана кароосуз турган жер аянттарын жалпы пайдалануудагы сейил багы катары уюштуруп, өнүктүрүүнү демилгелеп, учурда сквердин айланасы тосулуп, жарыктандырылды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 315 миң сом каражат жумшалды. Жалпы аянты  2 миң 100 чарчы метрди түзгөн бул скверди …

Нарында жаңы аллея салынууда. Ага кандай ат берилет? Толугу менен »