Кочкор: Бөлүм башчы пара алууга шектелүүдө
Кочкор райондук санэпидкөзөмөл борборунун бөлүм башчысы ишкерлерден пара алууга шектелүүдө. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү багытында текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор райондор аралык мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы А.А. …