DOLON MEDIA

Day: September 30, 2024

Түшүмдүүлүк жылдагыдан жогору

Нарын облусунда дан эгиндеринин 96 пайызы жыйналды.  Алсак быйыл  27 миң 171 гектарга  дан эгиндери  эгилген. Бүгүнкү күнгө карата  анын 25 миң 746 гектары чабылып, 165 миң 653 тонна түшүм алынды. Түшүмдүүлүк  22,4 центнерден айланып, өткөн жылга  салыштыралуу 2,1 центнерге жогору. Ал эми  облус боюнча 433 миң  500 тонна тоют топтолду.  Учурда Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, …

Түшүмдүүлүк жылдагыдан жогору Толугу менен »

Ат-Башы: Өспүрүмдөр тарабынан жасалган үч кылмыш иши соттун кароосунда турат

Ушул жылдын тогуз айында Ат-Башы районунда өспүрүмдөр тарабынан 4 кылмыш жасалган. Ат-Баш райондук администрациясынын маалыматына таянсак, тергөө амалдарынын жыйынтыктары менен 3 кылмыш иши райондук сотко кароого жиберилген. Ал эми  бир иш боюнча КР  КЖПКнин 467-беренесинин негизинде сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жөнүндө келишим түзүлгөн.

Нарын: Аялдар үчүн жергиликтүү кеңешке 53 мандат бөлүндү

Нарын районунда жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өтүп, тийиштүү тапшырмалар берилди. Нарын районунда 34 миң 672 шайлоочу бар. 7 айылдык кеңешке 137 мандат бөлүнсө, анын ичинен 53 мандат айымдар  үчүн каралган.  Жалпы 33 шайлоо участогу бар. Маалыммат үчүн белгилесек, Президенттин Жарлыгына ылайык, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган.