DOLON MEDIA

Day: July 4, 2024

Нарын: Кайрымдуу бол калайык!

Калктын аярлуу катмарын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо менен жашоосун жакшыртуу максатында Миң-Булак айыл аймагындагы  муундар аралык “Элден элге ” акциясы уланууда. Бул жолу 1979-жылы төрөлгөн айыл тургундары  дагы бир үй-бүлөгө  музоолуу уй алып беришти. Кезек 1977-жылы төрөлгөндөргө өткөрүлүп берилди. Айыл өкмөттөн билдиришкендей,  өткөн жылы айыл өкмөт башчы тарабынан демилгеленген бул акция элеттиктер тарабынан …

Нарын: Кайрымдуу бол калайык! Толугу менен »

Кочкор: Селдин кесепеттери жоюлууда

“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №14-Жол тейлөө мекемеси тарабынан  Нарын облусунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 0-15 чакырым  аралыгында жүргөн кыян-селдин кесепеттерин жоюу, жолду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Жеринде 300 м3 кум шагыл тартылып, бир суу өткөрүүчү түтүк калыбына келтирилди. Ошондой эле, 4-чакырымында  жолдогу суулар агуучу арык (кювет) жана 13- чакырымында жол тасмасы калыбына келтирилди.  

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда

Жумгал районунун үч айылында сел коркунучтарын алдын алуу иштери жүрүүдө. Тагыраагы,  Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарындагы  сел жүрүү коркунучу бар аймактарда сел сууларын алдын алуу үчүн каналдарды казуу, бөгөт тосмолорун түптөө жана саздак жерлерге дренаждарды казуу иштери жүрүп жатат.   Райондук администрациядан билдиришкендей, бул жумуштар “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоор Чаек айыл …

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда Толугу менен »

Жумгал: Жашоону жакшыртуу үчүн 100 миң сом

Быйыл  Жумгал району боюнча “Социалдык контрак” долбооруна 260 үй-бүлөгө квота берилип, мунун  ичинен 150 үй-бүлөнүн бизнес-долбоорлору жактырылды.  Булардын ичинен 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттарын тапшырды. Белгилүү болгондой, 50 үй-бүлөнүн 42си  мал чарбачылыгы, 2өө тигүүчүлүк, 5өө соода кылууга жана 1 үй-бүлө  чач тарач багытында ишкердүүлүк жүргүзүүнү максат кылышкан. Маалымат үчүн белгилесек, аталган долбоор 2022-жылдан тартып …

Жумгал: Жашоону жакшыртуу үчүн 100 миң сом Толугу менен »