Түркияда өрт өчүрүүчү тик учактан кулагандардыг сөөгү табылды

Мындай маалыматты бүгүн 18-сентябрда  КР нын ТИМлиги билдирди. Ага ылайык Измирдин Меендерес провинциясынын токойлорунан өрт чыгып, аны өчүрүүгө барган тик учак, Тахталы дамбасынан суу толтуруп жатканда кулап кеткен. Натыйжада экипаждын төрт мүчөсү кырсыктаган. Э.И аттуу биздин жаран аман калып ооруканага жаткырылган. Ал эми эки кыргызстандыктын өздүгү такталып, сөөгүн мекенине жеткирүү иштери жүрүүдө.