Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирди абакта калтырды

Бишкек шаардык соту 18-сентябрда тергөө абагында отурган жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, аны абакта калтырды. Олжобай Шакир сотто кылмыш ишин негизсиз деп эсептей турганын, өзүнө коюлган айып менен макул эместигин билдирди. Бишкек шаардык соту 13-сентябрда анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. …

Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирди абакта калтырды Толугу менен »