Кочкор районунун айыл өкмөттөрү автоунаалуу болушту

Президент Садыр Жапаров Кочкор районундагы 27 айыл өкмөт башчыларына кызматтык  Нива унаасынын ачкычтарын тапшырды. Бул иш чара кыргыз мамлекетүүлүгүн түптөөгө зор салым кошкон Ормон Хан Ниязбек уулунун 220 жылдыгын белгилөө учурунда болду. Президент Ормон Хандын эстелигин ачкан сон  М. Садыков атындагы стадиондо мааракенин катышуучуларына куттуктоо сөз сүйлөө учурунда автоунаалардын ачкычын облус жетекчиси Алтынбек Эргешевге тапшырды.