Министр Аскарбек Жаныбеков кызматынан кетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри  А. Жаныбеков кызматтан кеткени белгилүү болду. Мындай жарлыкка Президент С. Жапаров кол койгону айтылууда. Аталган министрликтин милдетин эми Министрлер кабинетинин төрагасынын оун басары Бакыт Төрөбаев биге аткармай болду. Анын талапкерлиги КРнын Жогорку Кеңешине жакынкы күндөрү киргизилет.