DOLON MEDIA

Day: January 16, 2025

Ташиев эки жылда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин түшүрүү керектигин айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын октябрь айынан ушул мезгилге чейин атайын кызмат билим берүү системасында иштеген 34 кызматкерди – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучуну кылмыш жоопкерчилигине тартканын билдирди. Коррупциялык иштерге аралашкан деген негизде 42 кызматкер жумуштан бошотулган. Мамлекетке 207 млн 700 миң сом кайтарылган. …

Ташиев эки жылда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин түшүрүү керектигин айтты Толугу менен »

Өлкөдө айыл чарба азыктарын өндүрүү көлөмү жогорулады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Мындай көрсөткүч  малдын көбөйүшү менен байланыштуу. Алсак, 2024-жылдын декабрь айына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 459,6 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 11 миң 582 тоннага, же 2,6 пайызга эт көбүрөөк …

Өлкөдө айыл чарба азыктарын өндүрүү көлөмү жогорулады Толугу менен »

Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты

Кыргыздын белгилүү спортчусу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты. Үйлөнүү үлпөт тою 15-январда  Бишкектеги тойконалардын биринде өттү. Ал “Сүйүү бул жеңиш” деп жазып, үлпөт тоюндагы видеолор менен социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Айсулуу Тыныбекова 31 жашта. Ал Азиянын алты жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2021-жылы Токиодогу Олимпиадасында күмүш байгеге, ал эми 2024-жылы Париж …

Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты Толугу менен »

Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду

Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду. Маалыматка караганда, каза тапкандардын арасында чет мамлекеттердин жарандары да бар. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан контрабандалык алкоголь продукциясын саткан дүкөн аныкталган. Учурда соода жайы жабылып, мөөр басылган. Белгилей кетсек, Түркиядагы туристтердин ичинен жапырт уулануу учурлары 14-январда маалымдалган. Уулануу белгилери бар 38 адамдын 26сы чет өлкөлүктөр экендиги айтылган. Түркиялык …

Стамбулда жасалма аракка ууланып 19 киши каза болду Толугу менен »

Мыкты тартип сакчылар Туркияга жолдомо алышты

Өткөн жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан, өзгөчө оор жана оор кылмыштын бетин ачууга, коомдук коопсуздукту сактоого салым кошкон кызматкерлерди шыктандыруу максатында “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жарыяланган. Анын жыйынтыгы чыгарылып,  өз жумушунда алгылыктуу көрсөткүчтү жаратып, мыкты деп табылган  12 милиция кызматкеринин ар бири Ички иштер министрлиги даярдаган Туркияга эс алуу үчүн  эки кишилик жолдомолорго …

Мыкты тартип сакчылар Туркияга жолдомо алышты Толугу менен »

Көмүр баасы көзөмөлдө

Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу  үстүбүздөгү жылдын 15-февралына чейин узарылды. Мындай буйрук көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Экономика жана коммерция министрлиги тарбынан чыгарылды. Буйрукка ылайык облус аймагында сатыла турган кара алтындын тоннасына баалар  мурунку деңгээлде калтырылды.  Маселен, “Кара-Кече” кенинде көмүрдүн карьерден чыккан баасы тоннасына  2 миң 260, “Турук” …

Көмүр баасы көзөмөлдө Толугу менен »

Нарында өткөн жылы 18 адам өлтүрүү фактсы катталган

Өткөн жылы облуста 438 кылмыш иши катталып, анын 90 пайызынын бети ачылган. Бул тууралуу  маалыматтар Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды. Анда белгилүү болгондой, катталган кылмыштардын 41и мал уурулук менен байланыштуу болсо,  адам өлтүрүү боюнча 18 факты катталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен бардык кылмышкерлер кармалган.  Ал эми жасалган кылмыштардын  45и …

Нарында өткөн жылы 18 адам өлтүрүү фактсы катталган Толугу менен »