DOLON MEDIA

Day: November 28, 2024

Алп акын Арстанбек!

Нарын шаарындагы  №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата “Алп акын Арстанбектин талантына таазим” деген темада шаардык деңгээлде семинар өттү. Анда акындын терме жана санат ырларындагы адап-ахлак, тарбия маселеси боюнча ачык сабактар, көркөм казынасы боюнча “Билерман ордо” интеллектуалдык сынагы,  чыгармачылыгына …

Алп акын Арстанбек! Толугу менен »

Нарында пара спорту боюнча спартакиада өтөт

Нарын облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгы Нарын райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби менен биргеликте алгач ирээт республикалык деңгээлде параспартакиадасын уюштурушууда. Ал 3-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өтмөкчү. Спорттук иш-чарага 7 дубандагы спорт сүйүүчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Спартакиада 1-декабрь жекшемби күнү Нарын шаарындагы “Газпром балдарга” спорт комплексинде спорттун  пара шахмат,стол үстүндөгү теннис, шашки …

Нарында пара спорту боюнча спартакиада өтөт Толугу менен »

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарына мандат тапшырылды

17-ноябрь күнү өткөн шайлоодо тандалып келген Нарын шаардык кеңешинин  31 депутатына мандаттар тапшырылды. Кеңештин улуу депутаты Амантур Төрөгелдиевдин төрагалыгы алдында жаңы шайланган депутаттардын  биринчи сессиясы өтүп, анда Нарын шаардык кенешинин төрагасын жана анын орун басарларын  шайлоо маселеси каралды. Жыйынтыгында төрагалыкка талапкер болгон эки депутат бирдей добуш алып бири каршы добуш берилгендиктен шайлоо жокко чыгарылды. 31 …

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарына мандат тапшырылды Толугу менен »

СПИДке каршы күрөшүү иш планы талкууланды

1-декабрь -Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата  Нарын шаарында  өткөрүлүүчү иш чаралардын планы түзүлүп, аны аткаруу тегерек столдо каралды. Аталган орунун таралуу жолдорунан сактануу боюнча түшүүндүрүүнү жакшыртуу, ооруну алып жүрүүчүлөрдү табуу, дарылоо жана укуктук кызмат көрсөтүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле миграциялык агымдар менен иш алып баруу жана жакшыртуу талкууланды.