DOLON MEDIA

Day: March 22, 2023

Сүрөт баян: Нарын шаарында Нооруз майрамы белгиленди

21-мартта Нарын шаарынын аянтта Нооруз майрамы белгиленди. Аянтка миңге чукул адам чогулуп, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программага күбө болушту. Майрамдын иш-чарага Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов жана шаар мэри Канболот Тутуев катышты. Концерттик программада балдар бий топтору, музыкалык ансамблдер жана ыр-бийлер тартууланды.

Министр Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ал 21-мартта президент Садыр Жапаровдун атынан Нарын шаарында Нооруз майрамы менен куттуктоо сөзүндө айтты. «Президенттин 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасы боюнча жарлыгы чыкты.Учурда бул маселеге министрлер кабинети олуттуу көңүл буруп, бардык аракеттер көрүлүүдө. Улуттук программанын алкагында Нарын облусунда …

Министр Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди Толугу менен »