DOLON MEDIA

Day: March 20, 2023

Борбордук аянтта сүмөлөк кайнатылып жатат

Бүгүн, 20-мартта Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына үч боз үй тигилип, сүмөлөк кайнатылып жатат. Сүмөлөк  кайнатуу жөрөлгөсүнө облустук, райондук, шаардык бийлик өкүлдөрү баштаган бир катар мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Сүмөлөк кайнатууну Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтү колго алган. Аянтка от жагылып казан асылып, алгач  өлкөбүзгө өнүгүү, өсүү, кырман толо дан, өрүш толо мал болуусу тилек …

Борбордук аянтта сүмөлөк кайнатылып жатат Толугу менен »

Саркынды суу чыпкалоочу жай реконструкцияга жатпайт, жаңысын куруу зарыл

Нарын шаарында Нарын суу-канал ишканасынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда шаардагы саркынды суу тазалоочу жайдын абалы талкууланды. Талкуу “НурЖолБер” коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Нарын шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы жана экологияга тийгизген таасири” деп аталган долбоор алкагында уюштурулуп, ага Бишкектен саркынды сууларды тазалоочу жабдуулар боюнча  консультант Мырза Медербеков чакырылган.  …

Саркынды суу чыпкалоочу жай реконструкцияга жатпайт, жаңысын куруу зарыл Толугу менен »

Ленин атындагы борбордук жолдун туурасы 15 метрге кеңейтилет

Нарын шаарынын  Ленин атындагы борбордук жолун талапка ылайык келтирүү менен туурасын 15 метрге кеңейтүү, С. Орозбаков көчөсүн Жаңы-Жол аймагына чейин улоо жана ички көчөлөрдү асфальттоо боюнча долбоорлоо жумуштары башталды. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы тараткан маалыматка таянсак, буга чейин топографиялык изилдөөсү (топосеьемка) алынып, болжолдуу даярдалган долбоорду толуктоо менен иш алып барылат. Долбоордо жалпысынан 29 чакырым …

Ленин атындагы борбордук жолдун туурасы 15 метрге кеңейтилет Толугу менен »

Жарандардын көңүлүн тазалыкка буруу максатында жаныбарлар ишембиликке чыгышты

Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жамааты жаныбарлардын образында ишембиликке чыгышып, айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтышты. Алар  мындай образ менен жарандарга жакшы маанай  тартуулоо менен шаардын тазалыгына ар бир жаран салым кошуп жана жалпы ишембиликке  жашоочулардын көңүлүн бурдуруу максатында чыгышканын  Нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Нурзада Мукашова  билдирди. Жаныбарлардын кийимин кийген маданият кызматкерлери өзөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалоодон сырткары шаар …

Жарандардын көңүлүн тазалыкка буруу максатында жаныбарлар ишембиликке чыгышты Толугу менен »

Айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтуу акциясы баштады

Нарын облусунун калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалдарын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, бак-дарактарды тигүү, парк, скверлерди уюштуруу боюнча үч айлык акция жарыяланды. Анын алкагында, 18-марттан башап  Нарын облусунун бардык аймактарында ишембиликтер өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү иштери жүргүзүү колго алынды,-деп билдирди Президенттин Нарындагы өкүлүнүн маалымат кызматынан. “Ишембиликке облус жетекчиси Алтынбек Эргешов баш болуп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн …

Айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтуу акциясы баштады Толугу менен »